Анастасия БЕНГАРД
12:02, 01 ноября 2017, 24.kg

Кыргызстанда бир жылда аракечтиктен 24 адам көз жумду

2016-жылы аракечтиктен 24 адам көз жумду. Анын 16сы Наркологиянын республикалык борборунда, калгандары аймактык бөлүмдөрүндө өлдү.

Наркологиянын республикалык борборунун бөлүм башчысы Жылдыз Бакированын айтымында, жалпысынан аракечтиктин айынан жыл ичинде 360 бейтап каза болду.

«Бирок, алардын 24ү гана наркологиялык борборлордо, калгандары башка ооруканаларда, же башка жерде көз жумушкан. Спирттик ичимдик боор, жүрөк жана башка органдарга зыян алып келгендиктен, алар башка бөлүмдөргө которулат», — деди Жылдыз Бакирова.

Анын маалыматында, 2017-жылдын башында 33 миң 562 киши наркологиялык тизмеде турган. Анын 80 пайызы аракечтер, калгандары маң зат колдонуучулар.

«Тизмедегилердин 11 пайызы аялдар, 75 пайызы 35тен өйдө курактагылар. Негизинен Бишкек жана Чүйдө арак ичкендердин саны өтө көп», — деп маалымдады Жылдыз Бакирова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18