08:49, 01 ноября 2017, 24.kg

Өзбек имамдары азан боюнча президентке кайрылышты

Өзбек имамдары азанга чакырууда үн күчөткүчтү колдонууга уруксат берүү сунушу менен президентке кайрылышты. 

26-октябрда өткөн чогулушта, имамдар Москвада дагы үн күчөткүч аркылуу азан айтууга уруксат берилгени мисал келтиришип, Өзбекстандын православ чиркөөлөрүндө коңгуроолор кагыларын жана бул кимдир бирөөнүн уйкусуна жолтоо эместигин белгилешти.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансур муфтият мамлекет башчыга кайрылып, өзбек аялдарынын хиджап кийип жүрүүсүнө уруксат берүүнү, үн күчөткүч аркылуу азан чакырууну, мектептерде дин таануу сабактарын киргизүүнү сураганын билдирди.

Өзбекстанда элди намазга чакырууга расмий түрдө тыюу салынган эмес. Бирок мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда жазылбаган чектөөлөр болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18