15:34, 30 октября 2017, 24.kg

Россиянын Мамдумасы кыргызстандык мигранттар боюнча мыйзам долбоорду карайт

Россиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорду карайт. Демилгечи вице-спикер Игорь Лебедев.

Эскерте кетсек, Россияга жазында Кыргызстандык мигранттарга улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салган. Кийин Владимир Путиндин сунушу менен кайра уруксат берилген.

Игорь Лебедев Кыргызстан 7-ноябрдын аталышын өзгөртүп жаткандыгына байланыштуу Россияга чечимин өзгөртүүгө укуктуу деп эсептейт.

«Анда Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ экендигин эске алганбыз. Азыр алар 7-ноябрды Россияга каршылык күнү катары майрамдоону сунуштап жатышат. Бул достук кадамы эмес. Андыктан, мигранттар сынак тапшырып, Россиянын күбөлүгү менен гана иштесин», — деди Игорь Лебедев.

Президенттин аппараты Мамдуманын вице-спикерине документти кунт коюп окууну сунуштаган. Анда; «1916-жылдагы окуялар бир дагы кыргызстандык үчүн майрам эмес. Бул биз үчүн улуттук аза. Үркүн дайым биздин эсибизде болот» — деп айтылат.

Эскерте кетсек, 7-ноябрды Улуу Октябрь революциясынын күнүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө өзгөртүү буйругу чыккан. Буйрукта 1916-жылдагы Үркүн менен бирге, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, XX кылымдагы саясый репрессияларга жана совет мезгилиндеги өнүгүү жылдарына баа берүү күнү катары эсептелери айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18