Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
11:58, 27 октября 2017, 24.kg

Ноябрда эс алуу күнү уланышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы президенттин 7-8- ноябрь боюнча сунушун колдоду. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов, башка фракциялар дагы колдоого алса, 8-ноябрь эс алуу күнү катары 2017-жылдын календарына кирип каларын белгиледи.

Депутаттар тарыхты эскерүү күнүн белгилөө сунушун колдоп, мында эч бир Россияга каршы көрүнүш жоктугун айтышты.

Эскерте кетсек, кечээ президент 7-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары өзгөртүүнү, ал эми 8-ноябрды Эскерүү күнү катары белгилөөнү сунуштаган. Буга чейин Кыргызстан 7-ноябрды Октябрь революциясынын күнү катары белгилеп, эс алып келишкен.

Кыргызстандын бул демилгесине Россиянын айрым депутаттары сын айтышты.

Эгер парламент колдоого алса, анда ноябрь айында кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18