09:13, 26 октября 2017, 24.kg

Казакстан Кыргызстан менен чек араны ачпайт. Жол картасына кол коюлган жок

«Казакстан маселени туура эмес коюп жатат. Кытай импорту боюнча Казакстанда дагы кырдаал биздикиндей эле» — деп билдирди Экономика министр Артем Новиков Ереванда Бакытжан Сагинтаевдин сөзү боюнча.

«Мисалы Кытайдын маалыматында Казакстанга экспорт 2015-жылы 8,5 миллиард долларды түздү. Ал эми Казакстан аны 5 миллиард деп көрсөтүүдө» — дейт Артем Новиков.

Экономика министри Кыргызстан тарап Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин ЕАЭБтин өкмөттөр аралык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү жасарын маалымдады.

«Мындай эмоциалдуу билдирүү чек арадагы маселени чечүүгө өбөлгө болбойт. Азыр чек ара кайра көзөмөлгө алынып баштады. Кыргызстандын өкүлдөрү беш күн Астанада жүрүп, жол картасын иштеп чыкты. Ал жерде көбүнчө Кыргызстандын милдеттери жазылгандыгына карабай биз баарына макул болуп жаттык. Бирок, бүгүн коңшулар жол картасына кол коюлса дагы чек ара ачылбастыгын билдирди», — деди Артем Новиков.

Анын айтымында, Казакстан менен Кыргызстан мындан ары ЕАЭБтин алкагындагы келишимдердин негизинде иш алып барат.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан бери Казакстан Кыргызстан менен чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18