15:28, 25 октября 2017, 24.kg

Парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы төрагалыкка Исхак Масалиевди көрсөттү

Парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы төрагалыкка Исхак Масалиевди көрсөттү. Бул тууралуу отурумда Бакыт Төрөбаев билдирди.

Исхак Масалиев төрага болуп калса, Жогорку Кеңештин ачыктыгын камсыз кылып, үч ай сайын журналисттерге отчет берип турарын айтты.

Андан тышкары парламенттин чыгымдары кыскарат.

«Депутаттар кадимки аба каттамдар менен учушат. Мурдагы чакырылышта биз баардык кесиптештерибизди таанычубуз. Азыр жаныңда олтурган депутатты билбейсиң» — деди ал.

Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн кызматын тапшырды. Коалициялык көпчүлүк Дастан Жумабековду спикерликке көрсөттү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18