10:07, 25 октября 2017, 24.kg

Депутат отставкага арыз жазган спикерден аны ким куугунтуктап жатканын сурады

Жогорку Кеңештин «Бир-Бол» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев отставкасын жарыялаган төрага Чыныбай Турсунбековдон аны ким куугунтуктап жатканын сурады.

«Сиз кимге таарынып, ким кубалап жатат? Бир депутат сиздин отставкаңызды талап кылдыбы? Эгер бир партиянын ичинде келишпестиктер болсо, аны парламенттик деңгээлге чыгарбагыла. Биз баарыбыз төрага кылып шайлаганбыз» - деди ал. 

Мыктыбек Абдылдаев Чыныбай Турсунбековдун отставкасын «бархаттык революция» катары атады. 

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул Чыныбай Турсунбековдун өз чечими экендигин, ага карата куугунтуктоо жок экендигин билдирди.

«Чыныбай Акунович, партияда кала берет. Анын отставкасын эч ким талап кылган жок» - деди ал. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18