Анара МАМЫТОВА
15:36, 24 октября 2017, 24.kg

Курулушу урап түшкөн «Авангард-стиль» компаниясы айып пул төлөйт

Курулушу урап түшкөн «Авангард-стиль» компаниясы айып пул төлөйт. Бул боюнча «24.kg» агенттигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мелис Адиев билдирди.

Анын айтымында, урап түшкөн курулушту улантууга жол берилбейт. Аны бузуп, кайра куруу керек.

«Азыр иш токтотулду. Иликтөө аяктагандан кийин курулуш бузулат», — деди ал.

Инспекциянын билдирүүсүндө, компанияга 100-200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, кечээ Аалы Токомбаев көчөсундө жаңы курулуп жаткан үйдүн жанындагы курулушу урап түшкөн. Анда 11 жумушчу жабыркады. Экөөнүн абалы өтө оор.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18