14:13, 24 октября 2017, 24.kg

Казакстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары Ереванда жолугушат

Сапар Исаков бүгүн Арменияда казак премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен сүйлөшүү өткөрөт.

Буга чейин маалым болгондой, казак-кыргыз өкмөт башчылары жол картасын талкуулашат.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Астанадагы жолугушууда Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын жумушчу топ түзүп, аларга беш күн ичинде жол картасын түзүүнү сунушташкан.

Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасын кайтарууну күчөтүлгөн тартипке өткөрүп, өткөрүү бекеттеринде текшерүүнү катууланткан. Азыр элдер менен жеңил уунаны өткөргөнү менен дагы эле жүк ташуучу унааларга жол жабык.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18