09:05, 24 октября 2017, 24.kg

Тарых музейинен 503 экспонат жоголду

Тарых музейин беш жылдык текшерүүнүн жыйынтыгында 503 экспонат жоголгондугу аныкталды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди.

Маалыматта музейде экспонаттарга жакшы көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгү айтылат. Бир эле балуу металлдар фондунан 29 экспонат жоголгон. М. Фрунзе атындагы мемориалдык үй музейиндеги көргөзмөгө коюлган буюмдардын тизмеси дагы 100 экспонатка азайган.

Коопсуздук кеңеши Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейдин жетекчилерине убагында чара көрбөгөндүгү, атүгүл Эсептөө палатасынын бүтүмдөрүн көз жаздымда калтыргандыгын айтат.

«Министрликтеги жемкорлукка жол ачкан көрүнүштөрдүн бири — бул маданият имараттарын оюн-зоок жайларына ижарага бергендиги болуп саналат» — дейт Коопсуздук кеңеши.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18