Анастасия БЕНГАРД
17:07, 23 октября 2017, 24.kg

«Манас» эпосу жөнүндө мыйзамды аткарбаган өкмөт сынга алынды

Билим берүү министрлиги «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамды аткаруу программасын узартууну сунуштайт. Бул боюнча парламенттин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Депутаттар өкмөттүн 2012-жылдын 31-январында кабыл алынган токтомду толук аткарбагандыгын сынга алышты. Токтомдо мыйзамды ишке ашыруу үчүн 2012-2017 жыл ичинде жүргүзүлө турган иш-чаралар бекитилген. Беш жыл ичинде «Кошой коргон» тарыхый-архитектуралык комплексинде илимий-изилдөө иштери жүрүп, жаш манасчылардын мектеби ачылып, «Манас» жөнүндө балдар энциклопедиясы басылып, эпос боюнча CD жана DVD-дисктер, анимациялык тасмалар чыгарылышы керек болчу.

Пландагы иш чаралардын жарымы гана аткарылган. Министрликтин билдирүүсүндө, жетиштүү түрдө каржылоо болбой жатат.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18