14:34, 23 октября 2017, 24.kg

Кыргызстан лабораторияларды Казакстандын жардамысыз курат

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети өкмөттүн Казакстан менен 100 миллион доллар боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу сунушун колдоду. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Кыргызстан керектүү каражатты бюджетттен, же башка булактардан издейт. 

«Биз бул жардамдан баш тарталы деп чечим кабыл алдык. Ишкерлерге, айрыкча экспортко багытталган ишканаларга жардам көрсөтүү үчүн ички булактардан акча табууга аракет кылабыз» - деди вице-премьер-министр. 

Белгилей кетсек, 100 миллион доллар каражат ЕАЭБтин алкагында Казакстан Кыргызстандын экономикасына колдоо иретинде, атайын лабораторияларды жабдуу менен камсыз кылууга техника жана акча түрүндө бөлмөк.

Өкмөттүн маалыматында, учурда Кыргызстанда эл аралык стандартка ылайыкташып, азык -заттарды жана башка товарларды текшерүүдөн өткөрө ала турган 14 лаборатория курулууда. Анын баарына Кыргызстан өзү каражат тапты. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18