Анара МАМЫТОВА
09:32, 23 октября 2017, 24.kg

Казак-кыргыз айдоочулары биргеликте шамалга каршы турушту. Интернеттен тасма.

Катуу шамалга оодарылып кетпеш үчүн чогуу бара жаткан кыргызстандык жана казакстандык эки жүк ташуучу ууна тартылган видео интернетте кеңири тарады. 

Бул боюнча казак ЖМК дагы жазып чыгышты. Маалыматка караганда, видео Жамбыл облусунун Каратау шаарында тартылган. Аталган аймакта катуу шамал жүрөт. 

«Сол жагында бара жаткан казакстандык ууна. Ал оң жагындагы кыргызстандык уунаны шамалдан тосуп бара жатат. Болбосо, оң капталындагы ууна оодарылып кетиши мүмкүн. Кыргыз айдоочусу балдардан жардам сурап кайрылды. Шамал абдан катуу, көчөгө чыгып болбойт», — деп түшүндүрөт тасманы таркаткан киши.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18