09:48, 20 октября 2017, 24.kg

Өндүрүшчүлөргө жана жүк ташуучуларга Казакстан аркылуу өтпөй туруу сунушталды

Жергиликтүү өндүрүшчүлөргө жана жүк ташуучуларга кыргыз-казак чек арасы аркылуу жөнөтпөй туруу сунушталды. Мындай сунуш менен бир нече бизнес ассоциациялар кайрылуу жасашты.

Кайрылууда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал толук жөнгө салынганча жүктөрдү жөнөтпөй, токтоп туруу айтылат.

«Азыр атайын жумушчу топ түзүлдү. Алар беш күн ичинде маселени чечүү жолдорун иштеп чыгышы керек. Андыктан, азырынча токтоп турган туура чечим болот», — дейт ассоциация.

Эскерте кетсек, Казакстан 19-октябрдан тарта жүргүнчүлөрд, жеңил ууналарды жана бош жүк ташуучу унааларды гана өткөрүүгө макул болду. Коңшу өлкө Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз кытай товарларынын реэкспортунун көлөмү өсүп бара жатканын айтууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18