Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
16:11, 19 октября 2017, 24.kg

Адахан Мадумаров күрөштү улантат. Ал «Мен макул эмес» кыймылын түзөт

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров саясый күрөштү улантат. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын лидери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарат.

«Шайлоо жыйынтыгы менен макул болуу — бул шайлоочулардын жан дүйнөсүнө түкүрүү менен барабар. Үгүттүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү дагы олуттуу мыйзам бузуулар болду. Бирок БШК, прокуратура, ИИМ дагы ага карап койгон жок. Баарыбыз криминал бийлик менен чогуу иш алып барганын көрдүк» — деди Адахан Мадумаров.

Саясатчы келечекте Таалатбек Маасадыков жана Улукбек Кочкоров менен биригүүгө даяр экендигин айтты. Ал «Мен макул эмес» улуттук кыймылын түзмөкчү.

Алдын-ала жыйынтын боюнча Адахан Мадумаров 6,78 добуш алып, үчүнчү орунду ээледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18