15:35, 19 октября 2017, 24.kg

Казакстан жүк ташыган ууналарды дагы өткөрүп баштады

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде жүк ташуучу ууналарды өткөрүп баштады.

Түшкө жакын машиналардын саны 400гө кыскарды. Кезек күткөн айдоочулардын айтымында, түнү 90 ууна өткөрүлдү. Бир нече күндөн бери чек араны өтө албай турган казакстандык айдоочулар кыргызстандын элине жана атайын кызматтары көрсөтүп жаткан жардамга ыраазычылык билдирип өттү.

«Абдан ыраазыбыз. Бизди башка өлкөнүн айдоочусу деп бөлбөй тамак-аш берип турушту. Жүк ташуучулардын ассоциациясы бир күндө үч жолу тамак алып келип жатты. Алар нан, эт, суусундук жана колбасаны жеткирип жатышты. Андан тышкары Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чатырларында дагы тамактанып жаттык», — деди казакстандык айдоочу.

Казакстан тарапта ууналардын тыгыны жок. Аларга Кыргызстанга кирүүгө жол ачык.

«Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пунктунда абал тынч. Элдер жана жеңил ууналар токтоосуз өтүп жатышат.

Photo 46777

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18