12:21, 17 октября 2017, 24.kg

Окмуштуулар президенттен тарых музейиндеги мумияны кайра казып алууну суранышты

Окмуштуулар президент Алмазбек Атамбаевге орто кылымга таандык болгон аялдын мумиясын кайра Улуттук тарых мезейине кайтаруу өтүнүчү менен кайрылышты. Алар бул боюнча маалымат жыйында айтышты.

Эскерте кетсек, Мадания, маалымат жана туризм министрлиги Улуттук тарых музейиндеги экспонатты жерге берген. Орто кылымга таандык аялдын сөөгү 1959-жылы Баткен облусунда табылган. Анда аялдын сөөгү Баткендин ыңгайлуу климатынан көп жылга бузулбай сакталгандыгы айтылган. 

Окмуштуулардын билдирүүсүндө, Маданият министрлиги көзү ачыктардын жана диний ишмерлердин сунушу менен аялдын сөөгүн жерге берди.

«Бул музей экспонаты. Анын бир да динге, же этноско тиешеси жок» — дейт окмуштуулар.

Министр Түгөлбай Казаков экспонат акыркы жылдары каралбай, ачык жерде тургандыктан бузулуп бара жатканын айтат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18