11:51, 17 октября 2017, 24.kg

Коңшу өлкө жетекчилери Сооронбай Жээнбековду жеңиши менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу утушу менен куттуктады. 

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы ынтымакты жана алаканы өнүктүрөрүнө ишеним артат.

«Кыргызстандын эли сиздин программаңызды, андагы өлкөнүн өнүгүүсү боюнча багытыңызды тандады. Сиз Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнө жана эл аралык аренадагы аброюнун бекемделишине жакшы салым кошо алат деп ишенем» — дейт айтылат куттуктоодо.

Эмомали Рахмон Жээнбековдун мындан аркы ишине ийгилик каалап өттү. 

Белгилей кетсек, алдын-ала эсептөөлөр боюнча президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк добуш менен утуп чыкты.

Кечээ биринчилерден болуп Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу утушу менен Владимир Путин куттуктаган. Андан кийин Нурсултан Назарбаев куттуктоо жөнөткөн. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18