14:15, 16 октября 2017, 24.kg

Өмүрбек Бабанов: Шайлоо демократиялык нукта өттү

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан кетпейт. Ал шайлоодон кийин дагы өзүнүн ишмердигин уланта бермекчи. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

«Мен Кыргызстандан кетпейм. Бирок, эс алып келишим мүмкүн. Төрт ай шайлоого даярдык менен жүрүш оор» — деп билдирди Өмүрбек Бабанов.

Ал эми утулушу боюнча талапкер өзүнүн командасы тарабынан дагы мүчүлүштүктөр болгондугун мойнуна алды.

«Шайлоо калыс, демократиялык нукта өттү. Эч ким жыйынтыгы кандай болорун билген жок. Албетте, бизге утушка административдик ресурс, укук коргоо органдары жана КТРКдеги карапиар тоскоол болду. Биз дагы стратегиялык жактан, айрым жерлерде адаштык» — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18