10:28, 16 октября 2017, 24.kg

Ерлан Карин: Казакстанга Кыргызстандагы шайлоодон ким утса дагы баары бир

Казакстандык саясат тануучу Ерлан Карин Сооронбай Жээнбековдун жеңиши боюнча Tengrinews.kz маалымат агенттигине билдирди.

Ерлан Карин Кыргызстандагы шайлоого байкоо салган. Ал добуш берүү тынч абалда өткөндүгүн, Жээнбеков озуп чыгары алдын-ала байкалып тургандыгын айтты.

Анын пикиринде, Астана Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына өтө кызыккан эмес.

«Чындыгында Казакстан кайсы бир талапкерди колдогон эмес. Анткени Кыргызстандык баардык саясатчылары эле Астана менен достук жана ынтымакта жашоого кызыкдар. Бул тууралуу Жээнбеков, Бабанов жана Сариев дагы айтышты», — дейт саясат тануучу.

Ерлан Карин Сооронбай Жээнбековдон эч ким олуттуу реформаларды күтпөстүгүн, андан өлкөдөгү туруктуулук жана азыркы кызыкчылыктарын балансын сактоо жетиштүү деп эсептелерин айтты. 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18