09:27, 16 октября 2017, 24.kg

16 миң бюллютень жараксыз деп табылды

16 миң бюллютень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бюллютендердин айрымдарында экиден белги турса, кээ бирлеринде эч кандай белги коюлган эмес.

«Автоматтык эсептөөчү жабдуу бюллютенде чекит турса дагы аны жараксыздыкка чыгарат. Колдо эсептегенде аны жарактуулардын катарына кошобуз. Ушундай эсеп менен протокол түзүлөт», — деди Абдыжапар Бекматов.

Боршайкомдун маалыматында, өлкөдө 3 миллион 25 миң шайлоочу бар. Анын 1 миллион 692си шайлоого катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18