14:57, 15 октября 2017, 24.kg

Өмүрбек Бабанов: Атамбаевдин батасы менен шайлоого аттанганмын

«Алмазбек Атамбаевдин батасы менен шайлоого аттанганмын» — деп билдирди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүнкү маалымат жыйында.

Анын айтымында, шайлоого аттанаардан мурда президент менен кеңешкен.

«Ал мага шайлоо таза өтөт деп кепилдик берген. Бирок, тилекке каршы таза шайлоо болгон жок. Коомчулукту Алмазбек Атамбаев бурмалап, УКМК дагы ага кошулуп жатат», — деди Өмүрбек Бабанов.

Ал Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү билдирүүсүн дагы жокко чыгарды.

«Мен эч качан эч кимди алдап кеткен эмесмин. Атамбаев премьер-министрликтен кеткен учурда анын партиясына кошулуп, шайлоо штабын жетектегенмин. КСДП партиясын күчтөнтүп, каржылаганмын» — деди Өмүрбек Бабанов.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн Өмүрбек Бабанов жылуу сөзү жана көзү менен көпчүлүктү алдарын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18