16:45, 13 октября 2017, 24.kg

Атамбаев: Үч миң жылдык тарыхы бар кыргыз үч күндүк кысымдан коркпойт

«Үч миң жылдык тарыхы бар кыргыз үч күндүк кысымдан коркпойт» — деп Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Бужум айылында аскерлер үчүн курулган үйдү ачып жатып билдирди.

Ал Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин келишимдерин одоно бузуп жаткандыгын айтты.

«Биздин элибиз көп кыйынчылыктарды баштан өткөргөн. Үч миң жылдык тарыхы бар эл, үч жылдын кысымдан коркуп калбайт. Кандай кысым, коркутуу болуп, акчага алданбай, чет өлкөнүн «тыңчысын» шайлап калбайт. Мындай блокаданы 2010-жылы дагы көргөнбүз. Анда чек ара 1,5 айга жабылган» — деди Атамбаев.

Атамбаев коңшулар дайым ынтымакты сактоо жаатында саясат жүргүзүү керектигин белгилеп, Кыргызстан эч качан тизе бүкпөстүгүн билдирди. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18