16:20, 13 октября 2017, 24.kg

«Ак-Тилек» көзөмөл- өткөрүү бекетиндеги куткаруучулардын саны көбөйтүлөт

«Ак-Тилек» көзөмөл- өткөрүү бекетиндеги куткаруучулардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, «Ак-Тилек» көзөмөл- өткөрүү бекетинде учурда үч чатыр тигилип, 12 куткаруучу иштеп жатат. Бирок, кезек күткөн жүк ташуучу ууналардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу чек арага жакын айланма жолдо дагы үч чатырды жайгаштыруу пландалууда.

Жалпысынан ар бир өткөрүү пунктунда үчтөн болуп, кыргыз-казак чек арасында 12 чатыр тигилди. Анда ӨКМ чек арада өтө албай турган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү ысык тамак менен камсыз кылып, медициналык жардам көрсөтүүгө даяр турушат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18