13:53, 13 октября 2017, 24.kg

Казакстандын Боршайкомунун мүчөсү Кыргызстанга келүүдөн баш тартты

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кыргызстандагы шайлоого байкоо салуудан келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирет.

Маалыматка караганда Казакстандын Боршайкомунун жыйынында Марат Сарсембаев Кыргызстандагы шайлоого байкоо салууга каршы пикирин билдирген.

«Алмазбек Атамбаев Казакстанды Кыргызстандагы шайлоого аралашып жаткандыгын айтып, айыптады. Андыктан, бизди өлкөгө карата кандайдыр бир көлөкө түшүрө турган шек жаратуудан алыс болуш үчүн мен Бишкекке баруудан баш тартам», — деди ал.

Марат Сарсембаевдин сунушун кесиптештери колдоду.

Эскерте кетсек, президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов Нурсултан Назарбаев менен жолугушкандан кийин Кыргызстандын ТИМи Астанага нота жиберген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18