Анастасия БЕНГАРД
11:16, 13 октября 2017, 24.kg

22 миңден ашык шайлоочу добушканага келе албайт

22 миң 821 шайлоочу добушканага келе албайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдон билдиришти.

Мыйзамга ылайык алдын-ала арыз жазган шайлоочуларга шайлоо тилкелеринен тышта добуш берүүгө уруксат берилет. Шайлоо күнү ооруканада жана абакта жаткан,  же тоолуу алыскы аймактарда жашаган, же ошол күнү күзөттө турган аскер кызматкерлерине, саламаттыгынан улам үйдөн чыга албаган бейтаптарга жана майыптарга шайлоо тилкелеринен тышта добуш берүүгө болот.

Шайлоо 15-октябрда өтөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын акыркы маалыматы боюнча 3 миллион 25 миң 902 шайлоочу бар. Чет өлкөдө 18,5 миң жаран добуш бере алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18