16:25, 12 октября 2017, 24.kg

Жээнбеков: Качан гана эл бийликке ишенип, бийлик элге таянганда, мамлекет оңолот

Photo 45893

«Качан гана эл бийликке ишенип, бийлик элге таянганда, мамлекет оңолот», - деп билдирди президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Араван районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, президенттик кызматка киришкенде аткаруу бийлигине жана мамлекеттик кызматка талап катуу болот.

Ал белгилегендей, эң негизгиси мамлекетте ынтымак, биримдик сакталып турушу керек.

«Туруктуулукка жетиштик, улуттар аралык ынтымакка жетиштик. Дагы деле сырттагы жана ичтеги күчтөр бар, Кыргызстанды ар кандай жол менен мамлекеттин бийлигин, элдин байлыгын мурункудай болуп башкаралы, колдонолу дегендер. Биз буга жол бербейбиз, бул сыяктуу иштердин баарын алдын алып, жокко чыгарабыз. Элдердин ортосундагы ынтымакты сактаганга бардык күч-аракетти жумшайбыз. Арабыздагы чагымчылдарга чара көрөбүз, алар менен катуу күрөшөбүз», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле ал шайлоочуларга акыркы жылдардагы жетишкендиктерди улантуу жана бекемдөөгө, өлкөнүн бардык тармактарындагы көрсөткүчтөрдү өстүрүүгө багытталган программасы тууралуу айтып берди.
Аравандыктар Сооронбай Жээнбековдун «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын жана Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин бир добуштан колдошту!

Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 12.10.2017 ж.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18