Каракулжалыктар Жээнбековго шайлоодо утуш каалап, батасын беришти
Ал премьер-министр болуп келгенде өлкөнүн экономикасынын бардык көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткен учур болгондугун эске салды.
«Биз кыска мөөнөттө олуттуу ийгиликтерге жетише алдык. Мисалга бюджетти эле алалы. Былтыр салык кирешелери 11 млрд сомго көбөйдү. Быйыл болсо бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүчтөр мындан ары да жогорулай бермекчи. Анткени мен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жолдорун, булактарын билем. Бюджет — жалпы калкыбыздын казынасы, уурулук кылбасак, казынага суук колду салбасак эле анын көлөмү көбөйө берет», — деди талапкер Жээнбеков.
Ал ошондой эле айыл чарба тармагы азык-түлүк коопсуздугу маселесине тыгыз байланышы болгондуктан, улуттук коопсуздукка да тикелей тийиштүү экендигин белгиледи. Ошондуктан бул жаатта колдоо көрсөтүү болочок преидент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө көзөмөлүндө болмокчу.
«Кыргызстандын калкынын 60% ашыгы айылда жашайт жана айыл чарбасы тармагында эмгектенет. Мен экономиканын бардык тармактарындагы жагдайды жакшы билем, алардын алдында кандай милдеттер турат жана аларды кантип чечсе боло турган жолдор да мага белгилүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Талапкер коррупцияга каршы президент Алмазбек Атамбаев баштаган күрөштү уланта тургандыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Кара-Кулжа районунда 10 миңден ашуун шайлоочу келип, бир добуштан анын талапкерлигин жана ал сунуштаган «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» программасын колдошту.
Президенттик кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.