Анара МАМЫТОВА
10:11, 12 октября 2017, 24.kg

Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрүүсүз

Казакстан кечээ, 11-сентябрда, саат 23.00дө чек арадан өткөрүүнү тездетти. 1,5 сааттын ичинде бир сутка кезекте тургандардын баардыгы өткөрүлгөн. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Бирок, бүгүн эртең менен саат 8.00дө казак чек арачылары кайра шашпай иштеп башташты. Учурда «Акжол» өткөрүү бекетинде кайра узун кезек түзүлдү.

«Казакстан тарапта унаалар кармалып жаткандыктан кайра эле чек арада жарылышы мүмкүн. Кыргызстандын чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө», — дейт чек ара кызматы.

Чек ара кызматы жарандарды Казакстан менен чек араны кесип өтүүдө иштерин алдын-ала пландоону сунуштайт.

Эскерте кетсек, кечээ Сапар Исаков Сочиде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, чек ара маселесин сүйлөшкөн. Казак лидери өкмөтүнө маселени чечүүнү буйруган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18