Анара МАМЫТОВА
13:15, 11 октября 2017, 24.kg

Казак чек арачылары шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартипке өткөндүгүн ырастады

Казак чек арачылары Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартипке өткөндүгүн ырастады. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКсы «Кордай» өткөрүү бекетиндеги күзөтчүгө шилтеп жазып чыгышты.

Чек арачы өткөрүү бекетиндеги унаа жана элдердин узун кезеги түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты четке кагат. Анын айтымында, эртең менен гана чек арада кээде тыгын түзүлүп калат.

Эскерте кетсек, кечээтен бери кыргыз—казак чек арасынын баардык бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын тыгыны түзүлдү. Бул боюнча видео жана фотолор социалдык тармакта таркатылууда.

Жүк ташуучулардын билдирүүсүндө, Казакстан алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келе жаткан ууналарды дагы өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18