Суйунбек ШАМШИЕВ
11:37, 11 октября 2017, 24.kg

Таластагы чек ара өтмөгүндө дагы унаалар кезекте турат

Таластагы «Чоң-Капка» чек ара өтмөгүндө дагы унаалар Кыргызстанга өтө албай турушат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жүк ташуучу унаалар дагы, автомобилдер дагы өтө албай турушат.

«Ар бир жеңил уунаны казак чек арачылары 40 мүнөт текшерүүдө. Мурда 5-10 мүнөттө өткөрүшчү. 100 унаа кезек күтүп турат», — дейт күбө.

Эскерте кетсек, Казакстан чек ара өтмөктөрүн кайтарууну күчөттү. Бирок, бул боюнча расмий билдирүү жок. Анткен менен кечээтен бери кыргыз—казак чек арасынын баардык бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын тыгыны түзүлдү. Андан тышкары жук ташуучулардын билдирүүсүндө, Казакстан алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келе жаткан ууналарды өз аймагына киргизбей жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18