10:56, 11 октября 2017, 24.kg

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде унаалар өтө албай турушат

Чүй облусунун кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине узак жол жүрүүчү айдоочуларынын кесиптик кошунунун төрагасы Дастан Мирякубов билдирди.

Анын айтымында, унаалардын арасында кыргызстандык, россиялык жана казакстандык номерлер дагы бар.

«Биздин учурда Германия, Бельгия, Түркия, Россия жана Литвада жүргөн айдоочуларыбыз Кыргызстанга кантип өтүүнүн жолдорун билбей жатышат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Казакстан чек ара өтмөктөрүн кайтарууну күчөттү. Бирок, бул боюнча расмий билдирүү жок. Анткен менен кечээтен бери кыргыз—казак чек арасынын баардык бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын тыгыны түзүлдү. Андан тышкары жук ташуучулардын билдирүүсүндө, Казакстан алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келе жаткан ууналарды өз аймагына киргизбей жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18