10:22, 11 октября 2017, 24.kg

Жүк ташыган ууналар Кыргызстанга өтө албай Казакстандын чек арасында турушат

Жүк ташыган ууналар Кыргызстанга өтө албай Казакстандын чек арасында турушат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине жүк ташуучулардын кесиптик кошунунун төрагасы Дастан Мирякубов билдирди.

Анын айтымында, Германия, Бельгиядан келе жаткан ууналар Россия менен Казакстандын чегинде кармалууда.

«Алардан жүктү ачып көрсөтүүнү талап кылышууда. Жүктү бажы көзөмөлүндө гана ачууга болот. Бир нече айдоочулар Уральск дагы өткөрмө бекетине келгенде, аларды кайра Оренбурга жөнөтүшкөн. Ага чейин дагы 700 чакырым», — дейт Дастан Мирякубов.

Маалыматка караганда, Уральсктагы Казакстандын чек ара бекетинде 50 жүк ташуучу ууна турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18