11:34, 10 октября 2017, 24.kg

Атамбаев: Коңшулар президенттиктен бир мөөнөттө кетип жатканымды колдошпойт

«Коңшу мамлекеттин айрым жетекчилери Кыргызстандагы парламенттик түзүмдү жана бир мөөнөт олтуруп президенттик кызматтан кетип жатканымды колдошпойт» — деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент бул тууралуу АКШга сапары учурунда Time журналына берген маегинде айтты. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев менен Eurasia Group иликтөө борборунун жетекчиси, саясат тануучу Иэн Бреммер маектешти.

Президент Кыргызстандын алдындагы маселелер, АКШнын жетекчилигине капачылыгы, «Ислам мамлекети» менен күрөш, Владимир Путин менен достугу жана Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун демократиялык өсүп-өнүгүүсү жөнүндө сөз козголду.

Саясат тануучунун Кыргызстандын Россия менен ынак мамилеси жакын коңшусу Кытай менен алаканы оорлотуп жаткандыгы боюнча суроосуна жооп берип жатып Алмазбек Атамбаев бул жаатта келишпестиктер жоктугун белгиледи.

«Баардык коңшу мамлекеттер Кыргызстандын өз көз-карашы жана тышкы саясаты бар экендигине ынанышты. Биз болгону баары менен жакшы коңшу болууга аракет кылабыз. Албетте айрым коңшуларга биз тандаган демократиялык жол, парламенттик түзүм жага бербейт. Мына менин бир мөөнөт олтуруп, кызматтан кетип жатканымды дагы түшүнбөгөндөр бар. Алардын айтымында, аны менен биз алардын элине жаман үлгү көрсөтүп жатабыз», — деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18