10:07, 10 октября 2017, 24.kg

Бүгүн Аида Саляновага сот өкүмү чыгат

Ленин райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата соттун өкүмү чыгат. 

Сотто жарыш сөз уланышы керек болчу. Бирок, сот Кубанычбек Касымбеков жарыш сөз менен бирге айыпталуучуга акыркы сөздү да бербей, кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетти.

Жакынкы мүнөттөрдө өкүм угузулушу күтүлөт.

Мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзам бузбагандыгын айтып келет.

Прокурорлор Аида Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18