Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
10:02, 10 октября 2017, 24.kg

БШК Өмүрбек Бабановдун тагдырын бүгүн чечет

Боршайкомдун жумушчу тобу Өмүрбек Бабановго эскертүү берүү чечимин чыгарды. Бул президентикке талапкерге берилген үчүнчү эскертүү болмокчу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, кечээ БШКнын жумушчу тобу топтолуп, Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзүн талдоого алып, үгүт иштерин бузгандыгы боюнча чечим чыгарышкан.

Эскерте кетсек, Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча БШКга 13 арыз түшкөн. Анын баарында президенттикке талапкер улуттар аралык кастыкты козутуп жаткандыгы айтылат.

«Жумушчу топ эскертүү берүү чечимин шашып чыгарган. Бирок, алар УКМКнын бүтүмүн күтүш керек болчу. УКМК экспертиза жүргүзүп жатат. Ошондон кийин гана бул маселе каралса болмок», — дейт Гүлнара Журабаева.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18