09:39, 10 октября 2017, 24.kg

Түркмөн президенти кайрадан социалдык жеңилдиктерден баш тартууга чакырды

Түркмөнстан президенти 9-октябрда өткөн Аксакалдар кеңешинин жыйынында электр кубаты, газ, суу жана тузга акырындык менен акы киргизүү керектигин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлоодо.

Мамлекет башчы бул жеңилдиктер мамлекет экономикалык оор абалды башынан өткөргөн маалда киргизилгенин белгиледи. Түркмөн президенти жыл сайын калктын кирешеси жогорулап, жумушчу орундар түзүлүп, социалдык жеңилдиктерди алып салууга мезгил жетти деп эсептейт.

Жеңилдиктерден баш тартуу тууралуу алгачкы сунуш 2015-жылы Аксакалдар кеңешинин жыйынында айтылган. Кеңештин өкүлдөрүнүн бири жашоо-турмуш жакшырганын, эл газ, суу жана электр кубаты үчүн акы төлөөгө кудурети жетерин билдирген.

2017-жылы июнда президент жеңилдиктер системасын кайра карап чыгууну тапшырып, жардам калктын аярлуу катмарына гана көрсөтүлүшү керек экенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18