Татьяна КУДРЯВЦЕВА
09:17, 10 октября 2017, 24.kg

Кыргызстанга 8 ай ичинде мигранттардан 1,5 миллиард доллар которулган

Кыргызстанга 8 ай ичинде мигранттардан 1 миллиард 581 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улутттук банк маалымдайт. 

Август айында акчалай которуулар 262 миллион долларды түздү. Анын 257,4 миллион долларын Россияда эмгектенген кыргызстандыктар жөнөтүшкөн. Январь-август айында Россиядан жөнөтүлгөн акчанын көлөмү - 1 миллиард, 552,2 миллион доллар. 

Өлкөгө акчалай которуулар, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу 320 миллион долларга, же 20,3 пайызга көбөйдү. 

Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө 42,7 миллион доллар жөнөтүлгөн. Жыл башынан бери 271,9 миллион доллар өлкөдөн чыгарылган. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18