10:24, 09 октября 2017, 24.kg

Темир Жумакадыровдун унаасы менен кагышкан КамАЗдын айдоочусу эки айга камалды

Темир Жумакадыровдун унаасы менен кагышкан КамАЗдын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочу спирттик ичимдиктерге текшерүүдөн өткөн. Алдын-ала маалыматтар анын мас эместигин ырастады. Бирок, дыкат текшерүүнүн жыйынтыгы 10 күндө белгилүү болот.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгы катталган. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы көз жумду.

КамАЗдын айдоочусу 1992-жылы туулган Панфилов районунун тургуну.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18