09:44, 09 октября 2017, 24.kg

Казакстан Атамбаевдин сөзүн чагымчылдык катары баалады

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрда казак бийлигин сындап айткан сөздөрүн айыптаган билдирүү таратты.

«Кыргызстандын президентинин айтканы жоопкерчиликсиз, чагым жана шайлоо алдындагы максаттарды ишке ашыруу үчүн жалган сөздөрдөн куралды. Бул айтылгандар эки өлкөнүн кылымдардан бери келаткан достугуна доо кетире албайт» -деп жазылган расмий Астананын билдирүүсүндө.

Казакстандын ТИМи казак тарап кырыз эли менен тууганчыл мамилени жана өнүгүүгө карай багытты улантуудан тайбай турганын кошумчалаган.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигиндеги айрым адамдар мурдагы президент Курманбек Бакиевди азыркыга чейин колдоп келерин айткан. Өлкө башчы кошуна өлкөнүн жогорку жетекчилигиндеги айрым адамдар жана олигархтар Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишип жатканын айтып сындаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18