Кочкор-Ата менен Майлы-Суу Сооронбай Жээнбековду колдойт!
Президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата жана Майлы-Суу шаарларында жолугушуу өткөрдү.
Сооронбай Жээнбеков шаар тургундарын өзүнүн «Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!» программасы менен тааныштырды.
Талапкер эл калыстыкты талап кылып, айылдарга оорукана, мектеп, жол жана электр түйүндөрүн куруу зарылчылдыгын билдирди. Сооронбай Жээнбеков даарыгерлерге, мугалимдерге жана бюджет кызматкерлерине айлык акыны көтөрүүнү убадалап, убадасын ишке ашыруу жолдорун так билерин айтты.
Андан тышкары талапкердин программасында негизги багыттарындын бири — бул чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү. Турак жайга муктаж жарандар үчүн ипотекалык үстөк наркты 6 пайызга чейин түшүрүү зарылдыгы айтылды.
Сооронбай Жээнбеков жолугушууга келгендерге ыраазычылык билдирип өттү. Талапкер менен бирге «Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы КамчыбекТашиев, мурдакы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, жергиликтүү аксакалдар, жаштар катышышты. Майлы-суу шаарынын 5 миң тургуну, Кочкор-Атанын 7 миң жашоосу талапкер менен баарлашты.
Президентикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.