11:10, 06 октября 2017, 24.kg

Японияда шайлоо учурунда эс алуусуз иштеген журналист көз жумду

Япониянын төрт жыл мурда көз жумган журналисттинин өлүмүнүн себебин жарыяланды. Бул тууралуу эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары Япониянын Эмгек инспекторлорунун иликтөөсүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2013-жылы NHK телеканалынын журналистти Мива Садо 31 жашында жүрөгү чарчоодон улам жүрөгү кармап көз жумган. Ал акыркы күндөрү кошумча 159 саат иштеп, бир айда эки күн гана эс алууга чыккан. Мива Садо Токионун ассамблеясына шайлоону активдүү чагылдырган. Добуш берүү күнүнөн үч күндөн кийин журналисттин сөөгү табылат. Ал керебетте колунда телефон кармаган бойдон каза болгон.

NHK телеканалы журналисттин өлүмүнүн себебин туугандарынын кайгысын түшүнүүдөн улам жарыяланбагандыгын билдирди.

Япония — өлүмдүн бир себеби катары «ашыкча иштеп, чарчоону» расмий тааныган дүйнөдөгү жалгыз өлкө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18