16:48, 05 октября 2017, 24.kg

Төлөгөнов соту. Сот айыпталуучу сунуштаган күбөлөрдү суроодон баш тартууда

Биринчи май райондук сотунда парламенттин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Бүгүн Райкан Төлөгөнов мамлекеттик жактоочулар менен иш алып баруудан баш тартты. Саламаттыгы да начар болуп тургандыктан, жыйын эмки жумага жылдырылды.

Отурум соңунда Райкан Төлөгөнов сот өкүм чыгарууга шашып, эмки жумада иштин материалдарын иликтөөгө өтүүгө камынып жаткандыгын айтты.

«Биз сунуштаган күбөлөрдү суроодон баш тартып жатат. Бул дагы толук тергеп бүтпөй, өкүм чыгарууга шашып жатканына далил» — деди соттолуучу.

Views
70
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18