Сооронбай Жээнбеков: Мен популисттик демилгелерге, куру убадаларга каршымын
«Мен мамлекеттик бюджет жөнүндө сөз болуп жатаканда популисттик демилгелерге каршымын. Анткени мамлекеттик бюджет резина эмес» — деп билдирди 4-октябрда КТРКда өткөн дебат учурунда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков. Бул жөнүндө ал башка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун «эмне себептен премьер-министр учурунда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жылдык 7 пайыздык айыл-чарба насыяларын берүү демилегесин колдобой койдуңуз» — деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
Сооронбай Жээнбеков биринчи кезекте айыл аймактарда кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү калыбына келтирүү керектигин, ага жылдык 6 пайыздык насыяларды берүү ишке ашырыла баштаганын билдирди.
«Экинчиден, учурда 10 пайыздык насыялар берилип, каалоочулар банктарда ошол насыя алуу үчүн кезекте турушат. Бюджетти кыйынчылык менен 7 млрд. сомго жеткиргенбиз, биздин фермерлер силердин банкыӊарда жылдык 27 пайыздык насыяга кезек күтүп турбасын деп, ошол кезекке турууну жокко чыгарыш үчүн келечекте бюджетти 20 млрд. сомго жеткиришибиз керек, андан кийин 7 пайызга өтүшүбүз керек. Бюджетти 20 млрд. жеткиребиз, 10 пайыздык кезектерди жокко чыгарабыз, андан кийин гана пайызды кыскартабыз. Керек болсо 6 пайызга чейин деле төмөндөтө алабыз. Мен премьер-министр болуп турганда, буга ресурстарды тапканбыз жан азыр узак мөөнөттөгү насыяларды бере турган Кыргыз Россиялык Өнүктүрүү фондуна окшогон фонд уюштуруудабыз. Мунун бардыгы менин программамда толугу менен жазылган», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Президентикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.