12:34, 05 октября 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков: Мен коррупционерлердин миллиарддарын казынага кайтарам

Photo 44890

«Мен биздин өлкөдөгү коррупционерлердин ар биринин фамилияларынан бери билем. Коррупция менен күрөшүүнү ошолордон баштайм», — деп билдирди 4-октябрдагы КТРКдагы дебат учурунда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановдун «Кыргызстан коррупцияга батты, Сооронбай Жээнбеков болсо булл тууралуу бир да сөз айткан жок», деген суроосуна жооп берип жатып.

Сооронбай Жээнбеков ал Премьер-министр болуптурганда, өлкөдө бардык тармакта көрсөткүчтөрдүн өскөнүн эске салды. Бардыгына белгилүү болгондой, өткөн жылы ушул учурда экспорттун көлөмү 17 пайызга түшкөн. Үстүбүздөгүжылдын 7 ай ичинде булл көрсөткүч 30 пайызга жогорулаган! 2016-жылдын апрель айында, ал премьер-министрдин милдетин аткара баштаганда, ИДП 4,9 пайызга төмөндөгөн, ал эми өнөр-жай — 26 пайызга. 2017-жылдын алты айында эле ИДП 6,4 пайызга, өнөржай 31,6 пайызга жогорулаган.

«Күрөш таза болуш керек. Мен айтпай эле коеюн дегем, бирок менде Бабановго 25 суроом бар, аларды кийинчерээк берем. Мен 1995-жылдан бери саясатта жүрөм, бизде ким коррупционер, ким өзү үчүн, ким мамлекет үчүн иштегенин жакшы билем. Мен кудайдын алдында тазамын, коррупция менен күрөшүүгө кудуретим жетет. Эмне үчүн мен бюджетти толуктап, мугалимдерге айлык маянасын жогорулатам деп ишенимдүү айтып жатам? Анткени ким кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ал эми ким өлкөнү тоногонун мен жакшы билем. Менин артыман эч нерсе таба алышпайт, анткени мен тазамын. Ал эми Бабановго мен 25 суроо берем, ал суроолорго жылдап жооп берет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 05.10.2017 ж.

Views
101
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18