17:14, 04 октября 2017, 24.kg

Чаткалда жаңы курулган көпүрө бир жылга жетпей урады

Чаткал районунда жаңы курулган көпүрө бир жылга жетпей урап калды. Бул боюнча маалыматты «24.kg» агенттигине райондун акими Канжарбек Эшалиев ырастады. 

Акимдин айтымында жаз-жай айларында дарыядагы суунун деңгээли адаттагы нормадан ашып көпүрөнү жараксыз абалга алып келген. Айгыр-Жал айылындагы көпүрө жергиликтүү кен иштетүүчү ишкананын акчасына курулган. Ага 16 миллион сом жумшалган.

«Ишкана көпүрөнү жакын арада кайра калыбына келтирип бермекчи. Азыр 2 миллион сом бөлүндү. Тендер жарыяланып, ишти бүтүрө турган компания тандалып алынат» - деди аким.

Канжарбек Эшалиев айыл тургундары ураган көпүрөнүн жанындагы эски көпүрөнү колдонуп өтүп жатканын билдирди. 

Views
96
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18