Татьяна КУДРЯВЦЕВА
10:23, 04 октября 2017, 24.kg

Сапар Исаков аэропорт кызматкерлерине тез арада англис тилин үйрөнүүнү буйруду

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн таң атпай «Манас» аба майданына барып, көз салды. Ал учуп конуу жана жүктөрдү кабыл алуу, кайра кайтаруучу жайларында болуп, жүргүнчүлөр менен баарлашты.

Өкмөт башчысы эртең менен аба майданда узун кезектер түзөлөрүн, бажы кызматы жүргүнчүлөрдү убагында текшерүүдөн өткөрө албай, текшерүү үчүн бир гана коридор колдонулуп жатканына ынанды.

«Аба майдандагы маселелер боюнча журналисттер дайым жазып келишкен. Чек ара кызматы жана бажы кызматы, аба майдандын жетекчилиги бул маселени тез арада чечиш керек. Алар кезекти гана эмес, жүргүнчүлөргө, конокторго сылык-сыпаа мамиле жасоого да үйрөнүшү зарыл. Андан тышкары аларды англис тилине үйрөтүү керек», — деди Сапар Исаков.

Views
82
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18