09:59, 04 октября 2017, 24.kg

Алма-Ата шаарында кыйраган учакта бир кыргызстандык набыт болду

Алма-Ата шаарында кыйраган учакта бир кыргызстандык набыт болду. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары маалымдашат.

East Wing авиакомпаниясына тиешелүү Ан-28 учагы Алма-Атадан Шымкентке учуп бара жатып, абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Ал аба майдандан 28 километр алыстыкта кулап түшүп, күйүп кеткен. Учактагы беш киши мерт кетти.

Алардын бири Кыргызстандын жараны учкучтардын башчысы Цой Г. Андан тышкары, учкуч, авиатехник жана эки медициналык кызматкер мерт кетти. Учакта учкучтар тобу менен медициналык кызматкерлерден башка жүргүнчүлөр болгон эмес. Алар Шымкентке бейтапты кароо үчүн бара жатышкандыгы маалымдалат.

Views
91
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18