09:29, 04 октября 2017, 24.kg

Президенттикке талапкер телеге чыгууга акчасы жетишпей жатканын билдирди

Президенттик кызматка ат салышкандардын биринчи теледебаты өттү. Коомдук теле-радио корпарациясындагы түз эфирге Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров катышты.

Шайлоочулардын суроосуна жооп берип жатып, талапкер Адахан Мадумаров бир да телеканалдын эфирине чыкпай жатканынын себебин түшүндүрдү.

«Телеканалдардын эфир баасы өтө кымбат. Андыктан биз реклама бере албай жатабыз» — деди Адахан Мадумаров. Бирок, шайлоочулар менен жолугушууларды жүргүзүп жатканын билдирди.

Адахан Мадумаровдун айтымында, ал мыйзам менен тартипти биринчи орунга коет. Андыктан, көптөр анын бийликке келишинет коркот.

«Мадумаров бийликке келсе, ар бир мыйзам аткарылат. Мына ушундан улам, менден коркондор бар» — деди талапкер.

Ал эми Азимбек Бекназаров кен байлыктарды коргоо жана анын элдин пайдасына иштетүү жаатында кескин чараларды кабыл алат.

«Кен байлыктарды иштеткен сырттан келген инвестор кеминде 60 пайыз кирешесин Кыргызстанга калтырышы керек» — деди Азимбек Бекназаров.

Views
113
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18