15:43, 03 октября 2017, 24.kg

Өкмөт жарандарга электр жарыгы менен үйүн жылытууга уруксат берди

Өкмөт электр жарыгы менен жылытууга тыюу салууну алып салып, электр жарыгын колдонууга бөлүнгөн өлчөмдү көбөйттү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы өлкөнү электр жарыгы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү кенен.

«Азыр «Датка — Кемин» көмөк чордону ишке киргенден кийин, «Бишкек жылуулук станциясы» оңдолуп, Токтогул суу сактагычында дагы суу көп болгондуктан чектөөнү алып сала алабыз», — деди Айбек Калиев.

Электр жарыгына колдонууга бөлүнгөн ченем 10 пайызга көбөйтүлдү.

Токтогул суу сактагычына топтолгон 19,5 миллиард куб метр суу кышында электр жарыгын үзгүлтүксүз берип чыгууга жетет.

Views
110
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18